Крым Республикасы
Өлкө |
Украина |
---|---|
Административдик борбор | |
Расмий тили | |
Калкы |
1 957 801 |
Жыштыгы |
75,5 адам/км² |
Тууралыгы | |
Узундук | |
Коду ISO 3166-2 |
UA-43 |
Телефон коду |
+380-65 |
Крым Республикасы (укр. Автономна Республіка Крим, АРК, кырым-тат. Qırım Muhtar Cumhuriyeti, QMC) — Украинанын субъектиси. Крым жарым аралында жайгашкан. Аянты 27 миң км2. Калкы 1 895 915 (2015). Административдик-аймактык жактан 14 районго, 11 шаарга, 56 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Акмечит шаары. Калкынын негизин орустар (58,32%), украиндер (24,32%) түзөт, ошондой эле крым татарлары (12,03%) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы 69,2%. Ири шаарлары: Севастополь, Акмечит, Керич. Курорт шаарлары – Ялта, Евпатория, Алупка, Алушта.
Мамлекеттик түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Крым Чыгыш Европадагы калк байыртадан эле отурукташкан аймак. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягында киммерийликтер, б. з. ч. 1миң жылдыкта таврлар, 8–9-кылымдарда скифтер отурукташкан. Б. з. ч. 480-жыл ченде республиканын бир бөлүгү Боспор мамлекетине караган. 13-кылымда моңголдор тарабынан басып алынып, Алтын Ордого кирген. 1443-ж. Крым хандыгы түзүлүп, ал Осмон империясынын вассалы болгон. 1783-ж. Россия империясына кошулган. Крым Республикасы 1918–54-жылдары ОСФСРдин 1954-жылдан Украинанын курамына кирген. курамында. 1944-ж. Крым татарлары күч менен Орто Азияга көчүрүлгөн. 1967-ж. татарлар реабилитацияланып, кайрадан келүүгө мүмкүнчүлүк алышканы менен 1979-ж. күч менен Крым Республикасынан чыгарылган. 1987-жылдан Крым татарлары мекенине кайта башташкан. 1988-ж. федерация мыйзамы татарлардын Кырымда жашоо укугун тастыктаган. Крым Республикасы 1992-ж. көз каранды эместикке ээ болуп, республика статусун алган. Жаңы Конституциясы 1998-ж. 23-декабрда ишке кирип, Крым Автономдук Республикасы болуп 18-март, 2014-жылдагы референдум деген келишимдин негизинде Россия Федерациясы менен оккупация болуп калды.
Өнөр жайы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өнөр жайынын негизги тармактары: тамак-аш (мөмө-жемиш жана жашылча консервалары, шарап, эфир-май ж. б.), машина куруу (кеме, тамак-аш өнөр-жайы үчүн жабдуу, приборлор, телевизор), химиялык, жеңил. Кен байлыктарынан темир, нефть, газ казылып алынат. ГРЭС курулган. Мөмө-жемиш, жүзүмчүлүк, жашылчачылык, бакчачылык өнүккөн. Жүгөрү, соя, шалы, күн карама, тамеки, эфир-май өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы өнүккөн. Чочко, кой асыралат. Негизги порттору: Керчь, Феодосия, Ялта.
Башкы курорттору: Ялта, Мисхор, Алупка, Симеиз, Гурзуф, Алушта (Кырымдын Түштүк жээги), Феодосия, Евпатория.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
Украинанын административдик-аймактык түзүлүшү | ||
---|---|---|
Облустар | Винница облусу · Волынь облусу · Днепропетровск облусу · Донецк облусу · Житомир облусу · Закарпатье облусу · Запорожье облусу · Ивано-Франковск облусу · Киев облусу · Кировоград облусу · Луганск облусу · Львов облусу · Николаев облусу · Одесса облусу · Полтава облусу · Ровно облусу · Сумы облусу · Тернополь облусу · Харьков облусу · Херсон облусу · Хмельницкий облусу · Черкассы облусу · Чернигов облусу · Черновцы облусу | |
Автономиялуу республика | Кырым Республикасы | |
Шаарлар | Киев · Севастополь |
Постсоветтик аймактын мамлекеттери | |
---|---|
БУУ мүчөлөрү | Азербайжан • Армения • Беларусь • Грузия • Казакстан • Кыргызстан • Латвия • Литва • Молдова • Орусия • Тажикстан • Түркмөнстан • Өзбекстан • Украина • Эстония |
Жарым-жартылай таанылган мамлекеттер | Абхазия • Түштүк Осетия |
Таанылбаган мамлекеттер | Приднестров Молдова Республикасы |
Жоюлган, жарым-жартылай таанылган мамлекеттер | ДЭР • Крым Республикасы (2014) • ЛЭР |
Жоюлган, таанылбаган мамлекеттер | Гагаузия Республикасы • Тоолуу Карабак Республикасы • Ичкерия Чечен Республикасы |
Жоюлган, таанылбаган автономиялар | Бадахшан автономиялуу республикасы • Крым автономиялуу республикасы • Талыш-Муган автономиялуу республикасы • Урал Республикасы |
Эл аралык уюмдар | КМШ • МААК • ЖККУ • ЕЭК |